Эрдоган Макронго каршылык көрсөттү

Эрдоган өзү жетектеген Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын башкы кеңсесинде Кеңейтилген облустук башчылардын жыйынына катышты.

1492422
Эрдоган Макронго каршылык көрсөттү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркия үчүн туура, пайдалуу, жакшы болгон нерселерди жасай бере тургандарын билдирди.

Эрдоган өзү жетектеген Адилеттик жана өнүгүү партиясынын башкы кеңсесинде Кеңейтилген облустук башчылардын жыйынына катышты.

Президент өз сөзүндө Европа менен Америка демократия жана экономика жаатында толугу менен талкаланган күндө дагы, түрк улутун ар тармакта өнүктүрө беришерин айтты.

«Биз өзүбүз менен бирге бардык досторубуз жана бир туугандарыбыз үчүн бирдей күрөштү улантууга чечкиндүүбүз» деген Эрдоган мындай деди: «Мунун аты Түркия модели болуп саналат. Тактап айтканда, улутубуздун колдоосу менен биздин өлкө үчүн туура, пайдалуу, жакшы болгон нерселерди жасай беребиз».

Президент Түркиянын тышкы саясаты жөнүндө буларга токтолду: «Эгерде Түркия толугу менен чегинсе Сирияда тынчтык, эркиндик орнойбу? Эгерде Түркия көрмөксөнгө салса Түндүк Ирак террордон тазаланабы? Түркия сыртын салса Ливияда төңкөрүшчүлөр бийликти мыйзамдуу өкмөткө береби? Эгерде Түркия бардык нерседен баш тартса Франция опсуз дымактуу (Президент Эммануэль Макрон) саясатынан баш тартабы? Ушундай кырдаалда аймактагы мамлекеттер баарын таштап кетип калышабы? Экономикалык тузак салгандар бизди колдойбу? Буларга ооба делсе, анда жүргүзүп жаткан саясатыбызды карап чыгуу да биздин милдет»,-деди.



Тектеш кабарлар