Волкан Бозкыр БУУнун Башкы Ассамблеясынын төрагалык кызматын баштады

БУУнун башкы кеңсесинде өткөрүлгөн салтанатта Бозкыр 74-Башкы Ассамблеянын төрагасы Тиджани Мухаммад-Банддан кызматын өткөрүп алды.

1491493
Волкан Бозкыр БУУнун Башкы Ассамблеясынын төрагалык кызматын баштады

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 75-Башкы Ассамблеясынын төрагасы Волкан Бозкыр кызматына киришти.

БУУнун башкы кеңсесинде өткөрүлгөн салтанатта Бозкыр 74-Башкы Ассамблеянын төрагасы Тиджани Мухаммад-Банддан кызматын өткөрүп алды.

Бозкыр, БУУнун Башкы Ассамблеясындагы сөзүндө жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) эпидемиясынын БУУнун 75-Башкы Ассамблеясынын пландарын өзгөрткөнүн белгилеп, «Бүгүнкү күндө биздин беткаптар бизге туш болгон өтө олуттуу коркунучту, жоготкон өмүрлөрдү, жеңишибиз керек болгон көйгөйлөрдү жана баарыбыз бир кемеде экенибизди эсибизге салат»,- деди.

Пандемиянын көп тараптуу системанын сынчылары тарабынан бир тараптуу кадамдарды мыйзамдаштыруу жана эл аралык системаларды алсыратуу үчүн колдонгонун белгилеген Бозкыр, бул мезгилде эл аралык системалар жана уюмдар дагы эле суракка алынып жаткандыгын, ага бул сын-пикирлер негиз болгонун, бирок туура эмес жыйынтыктарга келгенин баса белгиледи.

Глобалдык кризис болгон пандемияга каршы тилектештик, кызматташтык жана эл аралык мекемелерге болгон ишенимди бекемдөө кабарын берген Бозкыр, «Бул пандемияны бир дагы өлкө өзү жалгыз жеңе албайт. Социалдык дистанция эл аралык деңгээлде жардам бербейт. Бир тараптуу кадамдар пандемияны күчөтүп, жалпы максатыбыздан алыстатат. Ушундай кризис мезгилинде, БУУ борбордо турган көп тараптуу кызматташтыкка жана эл аралык институттарга болгон ишенимди бекемдөө биздин жалпы милдетибиз».

Июнь айында Башкы Ассамблеяда 178 өлкөнүн колдоосу менен Түркиядан БУУнун Башкы Ассамблеясынын төрагалыгына шайланган алгачкы ысым болгон Бозкыр, 2021-жылдын сентябрь айына чейин ушул милдетти улантат.



Тектеш кабарлар