Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Ахмет Майтек менен жолугушту
Жолугушууда Ливиядагы акыркы абалга байланыштуу пикир алышууларда болушту.
Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Ливиянын Улуттук Макулдашуу Өкмөтүнүн Президенттик Кеңешинин төрагасынын орун басары Ахмет Майтек менен жолугушту.
Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда кечээ министрликте өткөрүлгөн жолугушууда Ливиядагы акыркы абалга байланыштуу пикир алышууларда болушту.
Жолугушууда Акар эки өлкөнүн ортосунда 500 жылдык тарыхый достук, боордоштук байланыштарынын бар экендиги, БУУ кабыл алган Улуттук Ынтымактык Өкмөтүнүн чакыруусу менен Түркиянын ливиялык боордошторуна берген аскердик жана коопсуздук тармактардагы билим берүү жана кеңешүү иштерин улантарын белгиледи. Акар Түркиянын аймактын ырааттуулукка жетиши үчүн колунан келген аракетти көрсөтүүнү улантарын, ырааттуу, көз карандысыз жана эгемендүү бир Ливияны колдогондугун айтты.
Тектеш кабарлар
Акыркы бир жумада 54 террорист жок кылынды
Президент Режеп Таййип Эрдогандын Иракка сапары да террор менен күрөшүүдө кызматташтыкты ылдамдатты.