Шентоп Бакунун бошотулушунун 102 жылдыгына карата Азербайжанга билдирүү жолдоду

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (Парламент) төрагасы Мустафа Шентоп бул маалыматты Твиттерден бөлүштү.

1491330
Шентоп Бакунун бошотулушунун 102 жылдыгына карата Азербайжанга билдирүү жолдоду

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (Парламент) төрагасы Мустафа Шентоп, Азербайжандын борбору Бакунун  армян жана большевиктик басып алуудан бошотулушунун 102 жылдыгына байланыштуу билдирүү жолдоду.

Мустафа Шентоп, Твиттердеги постунда, «1918-жылы 15-сентябрда Нури Паша башкарган Кавказ Ислам армиясы Бакуну армяндардан жана большевиктердин басып алуусунан куткарган. Түркия менен жан Азербайжандын  туугандыгынын белгиси болгон бул окуянын 102 жылдыгынан улам Нури Паша баш болгон ыйык шейиттерибизди таазим кылуу менен эскеремин»,- деди.

Шентоп  бөлүшүүсүндө айрыкча, «102 жыл мурун ушул күнү Нури Паша башкарган Кавказ Ислам армиясы Азербайжанды армян бандаларынын оккупациясынан куткарды. Бүгүнкү күндө да Түркия Азербайжанды ошондой эле колдоодо.  Биздин ыйык командирибиз Нури Паша жана шейиттер хыябанында  жаткан баатырларыбыздын жаткан жери жайлуу болсун. Салам жолдойм жан Азербайжанга! (Бир улут, эки мамлекет)» ”деген билдирүүсү менен кошо видео бөлүштү.



Тектеш кабарлар