Түркиядагы акыркы коронавирус көрсөткүчтөрү

Бир сутканын ичинде 110 миң 412 тест жасалып, 1 миң 742 кишиде вирус аныкталды.

1491280
Түркиядагы акыркы коронавирус көрсөткүчтөрү

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 67 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 7 миң 186  деп катталды.

Бир сутканын ичинде 110 миң 412 тест жасалып, 1 миң 742 кишиде вирус аныкталды.

Ооруканадан айыгып чыккан 1 миң 202 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 261 миң 260ка жогорулады.


Этикеткалар: #Ковид-19 , #Түркияда

Тектеш кабарлар