Террористтер Кызылай сыяктуу гуманитардык уюмдарга карабай кол салууда

Хаккариде бир аскер операцияда шейит болсо, экинчи тараптан Сириянын түндүгүндө Түрк Кызылайынын кызматкери шейит болду.

1490262
Террористтер Кызылай сыяктуу гуманитардык уюмдарга карабай кол салууда

Хаккариде жикчил террористтерге каршы операцияда бир аскер шейит болду.

Ички иштер министрлиги, "Чагылган-2 Чило" операциясынын алкагында Хаккаринин Йүксекова районундагы элетте үңкүрдө камалып калган террористтер менен болгон кагылышууда бир Жандармерия кенже лейтенанты шейит болгонун жана 2 террористтин жок кылынганын билдирди.

Министрликтин билдирүүсүндө, операцияда 2 террорист өлтүрүлүп колго түшүрүлгөнү кабарланды.

 Бир тараптан, Сириянын түндүгүндө бараткан Түрк Кызылайынын автоунаасына куралдуу кол салуу болуп, Кызылайдын бир кызматкери шейит болуп, бир кызматкери жаракат алды.

Түрк Кызылайынын билдирүүсүнө ылайык, бетинде жана чатырында өзгөчө Кызыл жарым ай эмблемасы бар Түрк Кызылайынын автоунаасына Чобанбей менен Эль-Бабдын ортосунда номерсиз белгисиз эки унаадан беткапчан жана камуфляж кийимин кийген адамдар тарабынан ок атылган.

Кол салуунун натыйжасында унаадагы Кызылай Эль-Баб Севги дүкөнүндө иштеген Түрк Кызылайынын кызматкери шейит болуп, бир персонал жаракат алды. Бир адам болсо кол салуудан аман-эсен кутулду.

Чобанбейде дарылоосу жүргүзүлүп жаткан жаракат алган кызматкердин өмүрүндө коркунуч болбогону жана алгачкы дарылоосунан кийин Түркияга жөнөтүлөөрү билдирилди.

Кол салуу жөнүндө кабар алып аймакка барган Түрк Кызылайынын төрагасы Керем Кынык,«Бетинде Кызылайдын логотиби орун алган эл аралык мыйзамдар менен корголушу керек жана эл аралык гуманитардык укукка ылайык кол тийбестикке ээ болгон Кызылайдын жеке курамына жийиркеничтүү кол салууну катуу айыптайм. Өлкөбүздүн дагы аракеттери менен кылмышкерлердин тез арада кармала турганына ишенемин. Түрк  Кызылайдын жамаатына көңүл айтамын»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар