Акар: «Ливия, ливиялыктардыкы»

Улуттук Коргоо министри Хулуси Акар Ливиянын деңиз күчтөрүнүн командачысы контр-адмирал Абдулхаким Абухулияны кабыл алды.

1490509
Акар: «Ливия, ливиялыктардыкы»

Улуттук Коргоо министри Хулуси Акар, Түркия, Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) тарабынан таанылган Ливиядагы мыйзамдуу өкмөттү колдогонун билдирди.

Хулуси Акар Ливиянын деңиз күчтөрүнүн командачысы контр-адмирал Абдулхаким Абухулияны кабыл алды.

Улуттук Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө ылайык Акар, Түркиянын деңиз күчтөрүнүн командачысы армия адмиралы Аднан Өзбалдын чакыруусу менен Түркияга келген Абухули менен министрликте жолугушту.

Сүйлөшүүлөрдө тынчтыкты жана ырааттуулукту камсыз кылуу максаты менен, БУУ тарабынан таанылган Ливиядагы мыйзамдуу өкмөттү колдогондорун белгилеген Акар, Түркиянын 500 жылдык орток тарыхы, достугу, туугандыгы жана маданий байланыштары болгон  ливиялык бир туугандарына коопсуздук жана аскердик жаатында билим берүү жана консультациялык иш-аракеттерин улантышарын баса белгиледи.

Аймактык бүтүндүгү жана саясий биримдиги камсыздалган, бүтүндөй Ливияны кучагына алган ливиялыктарга таандык болгон көз карандысыз жана суверендүү Ливияны Түркиянын колдоорун билдирген Акар, «Ливия, ливиялыктардыкы» деген сөздү айтты.



Тектеш кабарлар