Түндүк Кипр Түрк Республикасынан бейтаптар алып келинүүдө

9 -  сентябрда Түндүк Кипр Түрк Республикасына барган алгачкы тез жардам учак 4   Ковид  - 19 бейтабын Түркияга алып келген

1489316
Түндүк Кипр Түрк Республикасынан бейтаптар алып келинүүдө

Түндүк Кипр Түрк Республикасындагы Ковид  - 19 бейтаптарынын Түркияга алып келиниши улантылууда.

Түркиядан Эржан аэропортуна кеткен, саламаттык сактоо министрлигине таандык тез жардам учак 4 Ковид  - 19 бейтабын алып Түркияга кайтты.

9 -  сентябрда Түндүк Кипр Түрк Республикасына барган алгачкы тез жардам учак 4   Ковид  - 19 бейтабын Түркияга алып келген.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын премьер  - министри Эрсин Татар 9 -  сентябрда өлкөсүндөгү бейтаптардын Түркиядагы ооруканаларга алып барылышы башталарын билдирген болчу.

Вице  - президент Фуат Октай да 27 -  августта Түркиянын Түндүк Кипр Түрк Республикасынын саламаттык сактоо системасында бир жүктүн пайда болушуна уруксат беришпей тургандарын жана Түндүк Кипр Түрк Республикасында позитив бейтап саны көбөйө турган болсо Түркиядагы ооруканаларга алып келинерине шарт түзүлөрүн белгилеген.

 



Тектеш кабарлар