Ата мекендик антитело тести болжол менен 50 өлкөгө экспорттолду
Türklab компаниясы Ковид-19 процессинде да тесттерди иштеп чыгуу аракетин ылдамдатты.

Измирде иштелип чыккан коронавирустук (Ковид-19) антитело тести болжол менен 50 өлкөгө сатылды.
25 жылдан бери Измирде иштеп келе жаткан жана диагностикалык топтомдорду иштеп чыккан Türklab компаниясы Ковид-19 процессинде да тесттерди иштеп чыгуу аракетин ылдамдатты.
Компания тарабынан 4 ай мурун иштелип чыккан антитело тестине ички рынокто дагы, тышкы рынокто дагы суроо-талап жогору болду.
Türklab Башкармалыгынын төрагасы Шахин Яглыдере, Ковид-19 пандемиясы башталгандан кийин алар абдан катуу ишке киришкендерин айтты.
Бул процессте президент Режеп Таййип Эрдоган менен өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанктын аларга чоң колдоо көрсөткөнүн белгилеген Яглыдере, компания катары ата мекендик жана улуттук өндүрүш үчүн күнү-түнү иштешкендиктерин белгиледи.
Пандемиялык процессте иштелип чыккан антитело тестинин чет өлкөдөн чоң кызыгуу тартканын билдирген Яглыдере: «Түркияда да бул рынок боюнча лидербиз. Биздин өлкөдө суроо-талап абдан жогору. Биз антителолорду экспорттоодо дүйнөдөгү эң мыкты 3 компаниянын катарына кирдик. Бул антитело тесттерин 50гө жакын өлкөгө экспорттодук. 3 миллиондон ашыгын чет өлкөлөрдөгү сатып алуучуларга бердик»,- деди.
Тектеш кабарлар

"Гөкдоган" бутасын таамай атты
Өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр бул тууралуу видеону социалдык медиада бөлүштү.