Тышкы иштер министрлиги: "Бардык кыңыр пландары бузулган Франциянын президенти Түркияга кол салууда"

Тышкы иштер министрлиги,  Эммануэль Макрондун билдирүүлөрүнө каршылык көрсөттү.

1488398
Тышкы иштер министрлиги: "Бардык кыңыр пландары бузулган Франциянын президенти Түркияга кол салууда"

Тышкы иштер министрлиги, тышкы саясаттагы кыңыр пландары бузулган Франциянын президенти Эммануэль Макрондун туталануу менен Түркияга акаарат кылып жаткандыгынын серебин салды.

Тышкы иштер министрлиги,  Эммануэль Макрондун билдирүүлөрүнө каршылык көрсөттү.

Министрликтин жасаган билдирүүсүндө, «Франциянын президенти Макрон менменсинген билдирүү жасады, эски колониялык рефлекстери менен жогорку пардан сабак берүүгө аракет кылды. Чындыгында, Макрондун билдирүүлөрү анын жөндөмсүздүгүнүн жана үмүтсүздүгүнүн көрүнүшү.

Алар дүйнө жүзү боюнча эркин ат чаап жүргөн күндөр бүттү. Биз алардын тышкы саясаттагы жаман пландарын жокко чыгардык, ошондуктан Макрон Түркияга, урматтуу президент Режеп Таййип Эрдоганга күн сайын ич күйдүүлүк менен жаман сөздөрдү айтууда»,делди.

Президент Эрдогандын Европадагы эң жогорку добуш менен шайланган лидерлердин бири экендигин баса белгилеп, «Президент мырза ар дайым өз күчүн түрк элдеринен алып келген. Түрк калкы жана Өкмөтү мындай адашуулардын алдында ар дайым бир жүрөктөй болгон жана мындан ары дагы ошондой мамиле жасай берет»,деген билдирүүлөр камтылган.

Билдирүүдө, Жер Ортолук деңиздеги кайсы бир өлкөнүн же башка географиянын юрисдикциясын аныктоо Макрондун иши эмес экени белгиленип,«Франция бир тараптуу жана чагымчыл кадамдарды жасап, Европа Биримдигин (ЕБ) өз тар көз караштары үчүн барымтага алган Греция менен Кипр Рум Башкармалыгынын жактоочусу катары сокурдук менен иш алып баруусунун ордуна элдешүү жана диалогдун пайдасына турушу керек. Бул биздин европалыктыгыбыздын жана биздин НАТО шериктештигибиздин талабы»,-деп айтылды.

Макрон өзүнүн жеке жана улутчул мамилеси менен чыңалууну кубаттап, Европанын жана ЕБнин чоң кызыкчылыктарын тобокелге салгандыгын белгилеген билдирүүдө, «Чыгыш Жер Ортолук деңизге жээги жок болсо дагы, аймакта колониялык менталитет менен жүргөн Франциянын,  Түркиянын аймактагы өнөктөштүгүн, чынчылдыгын, кызматташтыгын жана гуманитардык жана ишкердик тышкы саясатын сындаганы таптакыр карама-каршылык. Коомчулукта колдоосу тынымсыз азайып бараткан Макрондун айласыз абалын биз француз элинин ыктыярына калтырып жатабыз»,деп билдирилди.



Тектеш кабарлар