Акар немис кесиптеши менен сүйлөштү

Министр Акар сүйлөшүүсүндө, Түркия туюкка кептелүүнү эмес, көйгөйлөрдүн диалог менен чечилишин каалаганын билдирди.

1488064
Акар немис кесиптеши менен сүйлөштү

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Германиянын Коргоо министри Аннегрет Крамп-Карренбауэр менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Министрликтин билдирүүсүнө ылайык, эки тараптуу жана аймактык коргонуу жана коопсуздук маселелери, айрыкча Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги окуялар боюнча пикир алмашылды.

Министр Акар сүйлөшүүсүндө, Түркия туюкка кептелүүнү эмес, көйгөйлөрдүн диалог менен чечилишин каалаганын билдирди.

Башка өлкөлөр дагы темага акылдуу мамиле жасап, союздаштык рухуна ылайык мамиле кылышы керек экендигин белгилеген министр Акар, Түркия мыйзамдуу жана чечкиндүү болгонун, эч кандай болоору болду деген нерсеге уруксат бербей турганын жана  эл аралык укуктан келип чыккан укуктарды коргоону уланта тургандыгын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар