Тышкы иштер министри Мали, Гине Биссау жана Сенегалга барат

Мевлү Чавушоглунун 10 – 11 -  сентябрда Гине Биссау жана Сенегалга жасай турган сапарынын тышкы иштер министрлиги деңгээлинде алгачкы расмий сапар болору белгиленди.

1487656
Тышкы иштер министри Мали, Гине Биссау жана Сенегалга барат

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу 9 – 11 -  сентябрда Мали, Гине Биссау жана Сенегалга барат.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Чавушоглунун Мали сапарынын негизинде Элдин тынчтыгы үчүн улуттук кеңештин  мүчөлөрү, Малиде БУУнун көп тараптуу интеграциялык ырааттуулук миссиясы, Батыш Африка өлкөлөрүнүн экономикалык коому жана  Африка Биримдигинин өкүлдөрү менен саясий өткөөл процесси, эки тараптуу карым  - катнаштар, аймактык жана эл аралык темаларда сүйлөшүүлөрдү өткөрөрү  билдирилди.

Маалыматта Чавушоглунун 10 – 11 -  сентябрда Гине Биссау жана Сенегалга жасай турган сапарынын тышкы иштер министрлиги деңгээлинде алгачкы расмий сапар болору белгиленди.

Бул өлкөлөр менен эки тараптуу карым  - катнаштар бардык тарабы менен каралып, жаңы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүнүн каралары маалымдалып, сапардын аймактык жана эл аралык темаларда пикир алышуу мүмүкнчүлүгүн түзөрү белгиленди.



Тектеш кабарлар