Түркия Марокконун Ливия тууралуу мамилесине баа берди

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой, Марокконун Бузника шаарында өткөн Ливиянын диалог жыйыны жөнүндө «Биз Ливиядагы кризистин чечилишине карата Марокконун конструктивдүү мамилесин жогору баалайбыз»,- деди.

1487247
Түркия Марокконун Ливия тууралуу мамилесине баа берди

Түркия, Марокконун Ливиядагы кризистин чечилишине карата конструктивдүү позициясын ыраазычылык менен кабыл алгандыгын билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой, Марокконун Бузника шаарында өткөн Ливиянын диалог жыйыны жөнүндө «Биз Ливиядагы кризистин чечилишине карата Марокконун конструктивдүү мамилесин жогору баалайбыз»,- деди.

Аксой, жолугушуу жөнүндө берилген суроого жазуу жүзүндө жооп берүү менен, «Түркия, башынан бери Ливиядагы кризистин чечилиши боюнча БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечимдери багытында Ливиялыктардын ортосунда жүргүзүлө турган жана ливиялыктар ээлик кыла турган саясий процесстен өткөнүн жактоодо»,деген баасын берди.

Түркиянын Мароккодогу жолугушууну  тыкыр байкаганын баса белгилеген Аксой, Марокконун буга чейин «Ливиянын саясий келишими» жолугушууларына кожоюндук кылганын эске салып, «Түркия бул сүйлөшүүлөрдү колдоду. Министр мырза (Мевлүт Чавушоглу) келишимдерге кол коюу аземине өзү катышкан. Биз Марокконун Ливиядагы кризисти жөнгө салуу боюнча конструктивдүү позициясын жогору баалайбыз»,деген пикирин билдирди.



Тектеш кабарлар