Улуттук коргоо министрлиги Жер Ортолук деңиз Борооону-2020 машыгуусун өткөрүүдө

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта,жыл сайын пландалгандай машыгуу өтүп жатаны билдирилди.

1485777
Улуттук коргоо министрлиги Жер Ортолук деңиз Борооону-2020 машыгуусун өткөрүүдө

Улуттук Коргоо министрлиги (MSB) шейит капитан Женгиз Топел Жер Ортолук деңиз Бороону-2020 машыгуусу ийгиликтүү өткөрүлгөнүн билдирди.

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта, жыл сайын пландалгандай аткарылган капитан шейит Женгиз Топел Жер Ортолук деңиз машыгуусунун, Түркия жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын катышуусу менен улантылганы белгиленди.

Түндүк Кипр Түрк Республикасында өткөрүлгөн машыгуунун 2020-жылдын 10-сентябрына чейин улана турганы белгиленип, машыгуунун Кипр Түрк Тынчтык Күчтөрү командирлиги менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Коопсуздук күчтөрү командирлигинин ортосундагы өз ара машыгуу, кызматташтык жана өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө багытталганы баса белгиленди.

Билдирүүдө, машыгуунун Түркиядан кургактык, авиация жана кургактык-авиация элементтеринин катышуусу менен  аба чабуулу, согуштук издөө-куткаруу иш-аракеттеринин практикасы жана бир эле мезгилде батальондун ыкчам машыгуусу түрүндөгү бирдиктүү жана иш жүзүндө жүзөгө ашырылаары белгиленди.

Түркиянын атамекендик жана улуттук курал-жарак системалары жана ок-дарылары колдонгон машыгуу пландалгандай ийгиликтүү улантылып жатканынын маалыматтары берилди.



Тектеш кабарлар