Түрк Кызыл жарым айы Суданга медициналык жардам көрсөтүүдө

Медициналык каражаттарды ташыган учак борбор шаар Хартумга жетти.

1485503
Түрк Кызыл жарым айы Суданга медициналык жардам көрсөтүүдө
Sudan 1.jpg

Түркиянын Кызыл жарым ай жана Катардын Кызыл жарым ай коому тарабынан Судандын коронавирустун жаңы түрүнө (Ковид-19) каршы күрөшүн колдоо максатында бул өлкөгө жиберилген медициналык каражаттарды ташыган учак борбор шаар Хартумга жетти.

Түрк аба жолдорунун жүк ташуучу учагын Хартум аэропортунда Түркия, Катар жана Судандын Кызыл жарым ай кызматкерлери тосуп алышты.

Түрк Кызылайынын Судандагы делегациясынын төрагасы Сердар Йылмаз, Түркиянын, Катардын жана Судандын Кызыл жарым ай коомдорунун кызматташуусунда Судандын коронавирустун жаңы түрүнө (Ковид-19) каршы күрөшүнө колдоо көрсөтүү үчүн Катардын каржылоосу менен Түркиядан алынган медициналык каражаттарды ташыган биринчи учактын Суданга жеткендигин билдирди.

Экинчи жардамдын эртең ал эми акыркы бөлүгүнүн бир нече жуманын ичинде Суданга жеткириле турганын белгилеген Йылмаз: «Биринчи 2 учак менен 1151 куту жана 1 миллион 652 миң 723 даана Ковид-19 тестти менен коргоочу медициналык каражаттар алынып келинет» деп айтты.

Түрк Кызылайы, июнь айында да коргоочу көз айнек жана комбинезон, кол кап жана беткаптардан турган 105 куту медициналык каражаттарды Судандын Кызылайына тапшырып берген болчу.

Ковид-19дун кесепетинен 823 адам каза болгон Суданда, жуктуруп алгандардын саны 13 миң 189га жетти.



Тектеш кабарлар