Өмер Челик Анадолу агенттигинин кызматкерлерине карата коркутууларга каршылык көрсөттү

Мурунку күнү Грециянын Мейс аралына барган Анадолу агенттигинин тобу Түркия душманы расист бир грек интернет сайты тарабынан коркутулган.

1485283
Өмер Челик Анадолу агенттигинин кызматкерлерине карата коркутууларга каршылык көрсөттү

Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын катчысы Өмер Челик Грецияда фашисттердин Анадолу агенттигинин кызматкерлерин бутага алышын варварлык деп белгиледи.

Өмер Челик соцтармак твиттерден берген маалыматында Грецияда Анадолу агенттинин кызматкерлеринин бутага алынышына каршылык көрсөттү.

Өмер Челик : «Грецияда фашисттердин Анадолу агенттигинин кызматкерлерин бутага алышы бир варварлык. Грек мекемелеринин бул абалды кабыл алышы туура эмес. Грек мекемелери фашисттердиби же басма сөз эркиндигин жактайбы муну такташы керек. Грек мекемелери бул фашисттерди таап, эмне керек болсо аткарышы керек. Греция бул окуянын ачыкка чыгарып жана дагы бир жолу кайталанышына жол бербеши керек»,- деди.

Мурунку күнү Грециянын Мейс аралына барган Анадолу агенттигинин тобу Түркия душманы расист бир грек интернет сайты тарабынан коркутулган.

Сайтта Анадолу агенттинин өкүлү Тевфик Дурулдун бир гана грек мекемелеринин колунда болушу керек болгон паспорт жана өздүк баракчасынын фотографиясынын жарыяланышы көңүлдөрдү бурду.



Тектеш кабарлар