Президент Эрдоган Спанону кабыл алды

Эрдогандын Европа адам укуктары сотунун төрагасы Спанону кабыл алуусу президенттик комплексте массалык маалымат каражаттарына жабык өттү.

1484559
Президент Эрдоган Спанону кабыл алды

Президент Р. Т. Эрдоган Европа адам укутары сотунун төрагасы Роберт Спанону кабыл алды.

Эрдогандын Түркияга расмий сапар менен келген Европа адам укуктары сотунун төрагасы Спанону кабыл алуусу президенттик комплексте массалык маалымат каражаттарына жабык өттү.

Адилеттик министри Абдулхамит Гүл да катышкан кабыл алуу 45 минутага созулду.

Спано андан кийин Коснтитциялык соттун төрагасы Зүхтү Арслан менен жолугушту.

Жогорку соттун интернет сайтынан берилген маалыматка караганда Арслан Коснтитуциялык соттогу сүйлөшүүдө май айында Европа адам укуктары сотунун төрагалыгына шайланган Спанону куттуктады. Түркияга келүүсүнөн улам кубанычтуу экендигин билдирди.

Европа адам укуктары сотунун төрагасы андан кийин Түркия Улуттук Парламентинин спикери Мустафа Шентоп тарабынан кабыл алынды. Шентоп : «Европа адам укуктары сотунун  милдеттери жана беттешкен маселелерди билебиз. Бул маселелерди чечүү үчүн Түркия өзүнө түшкөн милдетти аткарууну улантат»,- деди.



Тектеш кабарлар