Украинадан Түркияга коргоонуу өнөр жайы тармагына мактоо айтылды

Уруский, Украина маалымат агенттиги UKRINFORM агенттигине берген маалыматында, Түркиянын өнөр жай өндүрүшү 15 жыл мурдагыга салыштырмалуу абдан жакшы чекке жеткенин айтты.

1484200
Украинадан Түркияга коргоонуу өнөр жайы тармагына мактоо айтылды

Украинанын премьер-министринин орун басары жана Стратегиялык өнөр жай министри Олег Уруский Түркиянын тырышчаактыгы жана өзүнүн куралын жасоого болгон каалоосу таасирдүү экендигин айтты.

Уруский, Украина маалымат агенттиги UKRINFORM агенттигине берген маалыматында, Түркиянын өнөр жай өндүрүшү 15 жыл мурдагыга салыштырмалуу абдан жакшы чекке жеткенин айтты.

«Үлгүлөрдү чогултуу үчүн көптөгөн пункттар бар. Түркиядагы коргонуу өнөр жайы, мамлекеттик жана жеке ишканалар өнөр жай катары бирдей укуктарга жана мүмкүнчүлүктөргө ээ»,- деп айткан Уруский көңүлдү түркиялыктардын тырышчаактыгына жана өзүнүн куралын жасоого болгон каалоосуна бурду.

Түркиянын өзүнүн учкучсуз учуучу аппараттарын, тик учактарын жасай алганын эске салган Урускийдин эсине сала тургандыгы, түрк бийлигинин жамааттык стратегиялык ой жүгүртүүсү экендиги баса белгиленди.

Уруский өлкөлөрдүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн биринчи кадамы кыймылдаткыч, учак, бронетранспортер, ракета, электрондук согуш техникаларын өндүрүү жаатында ишке ашышы мүмкүн деди.

Уруский Украинанын делегациясын баштап, өткөн жумада үч күндүн ичинде Түркияга расмий иш сапары менен барган.



Тектеш кабарлар