Түркия Крым татар түрктөрүн ар дайым колдойт

Крым татар түрктөрүнүн үйлөрүнө жүргүзүлгөн тинтүүлөргө жана камакка алууларга Түркия каршылык көрсөттү.

1482457
Түркия Крым татар түрктөрүн ар дайым колдойт

Түркия, Крым татар түрктөрүн ар дайым колдогонун билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Крымда (кечээ эртең менен) Крым татар түрктөрүнүн үйлөрүнө жүргүзүлгөн тинтүүлөрдү жана камакка алууларды тынчсыздануу менен көрүп жатабыз»,-делди.

Бул окуянын Крымдын 2014-жылы мыйзамсыз жана легалсыз аннексияланышынан кийин крым татарларына карата колдонулган "систематикалык кысым жана коркутуу саясатынын акыркы мисалы" экендиги баса белгиленген билдирүүдө: «Укуктарын жана кызыкчылыктарын тынчтык жолу менен коргогон жана демократиялык ыкмалар аркылуу үнүн угузууга аракет кылган Крым татарларын Түркия ар дайым колдойт» деген сөздөр камтылды.

Россия мыйзамсыз аннексиялап алган Крымда, орус коопсуздук күчтөрү кечээ эртең менен бир топ крым татарларынын үйүнө тинтүү жүргүзүп, 4 адамды камакка алышкан болчу.



Тектеш кабарлар