Түндүк Кипр Түрк Республикасында чукул абал ооруканасы курдуртулууда

Эрсин Татар Түркия тарабынан өлкөсүндө курдуртулган чукул абал ооруканасынын бүгүн эле эмес, келечекте муктаждыктарга жооп бере  тургандай камсыздаларын белгиледи.

1480619
Түндүк Кипр Түрк Республикасында чукул абал ооруканасы курдуртулууда

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын премьер  - министри Эрсин Татар Түркия тарабынан өлкөсүндө курдуртулган чукул абал ооруканасынын бүгүн эле эмес, келечекте муктаждыктарга жооп бере  тургандай камсыздаларын белгиледи.

Премьер  - миниср Татар чукул абал ооруканасынын курулуш аянтында иликтөө жүргүздү жана жетекчилерден маалымат алды.

«Түркия республикасына эпидемия процессинде Кипр түрк калкына жана Түндүк Кипр Түрк Республикасына берген жардамдары үчүн канчалык ыракмат айтсак аз»,- деген Татар : «Бул оорукана бүгүн эле эмес, келечектеги муктаждыктарыбызга да жооп бере тургандай камсыздалат. Дүйнөдө абдан аз өлкөдө болгон чукул абал ооруканасы эпидемия менен күрөшүүнүн тышында бардык ыктымалдуу апааттарга каршы элибизге жогорку деңгээлде медициналык кызмат кылат»,- деди.

Вице  - президент Фуат Октай 4 -  августта премьер  - министр Татар менен борбор шаар Анкарада өткөргөн жолугушуудан кийин бул жылдын ичинде Түндүк Кипр Түрк Республикасында алдыңкы технологиялык каражаттары менен камсыздалган, 100 орундуктуу чукул абал пандемия ооруканасынын курулушу үчүн иштердин баштатылганын кабарлаган. Октай кечээ да : «Максатыбыз чукул абал ооруканасын 45 – 60 күн сыяктуу эң кыска убакытта, ылдамдык менен бүткөрүү»,- деп билдирген.



Тектеш кабарлар