Террор менен күрөш улантылууда
Ички иштер министри Сүлейман Сойлу Карстын Кагызман районунда бирөөсү кызгымтыл сары, экөөсү боз категорияда изделген 5 террористтин жок кылынганын билдирди.
Ирактын түндүгүндөгү Зап жана Хакрук аймактарында аныкталган жана кол салуу кыймылы үчүн даярдангандыгы белгиленген ПКК террордук уюмдун 2 террористти жок кылынды.
Улуттук коргоо министрлиги тарабынан берилген маалыматта : «Ирактын түндүгүндөгү Зап жана Хакрук аймактарында аныкталган жана кол салуу үчүн даярдангандыгы белгиленген ПКК террордук уюмдун 2 террористи аба операциясында жок кылынды. Акыркы террорист калганга чейин операцияларыбыз улантылат»,- деп билдирилди.
Бир тараптан ички иштер министри Сүлейман Сойлу Карстын Кагызман районунда бирөөсү кызгымтыл сары, экөөсү боз категорияда изделген 5 террористтин жок кылынганын билдирди.
Ички иштер министрлиги да террордук уюмга 2010 – жылы кошулганы аныкталган 1 террористтин Мардинде коопсуздук күчтөрүнө багынгандыгын маалымдады.Ушунун негизинде январь айынан тарта көндүрүү иштеринин натыйжасында багынган террорист саны 141ге жогорулады.
Тектеш кабарлар
Акыркы бир жумада 54 террорист жок кылынды
Президент Режеп Таййип Эрдогандын Иракка сапары да террор менен күрөшүүдө кызматташтыкты ылдамдатты.