Түркияда бир сутканын ичинде 95 миң 943 тест жасалды

Акыркы 24 саатта вирустан 18 киши көз жумду.

1478374
Түркияда бир сутканын ичинде 95 миң 943 тест жасалды

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 18 киши көз жумду. Пандемия башталган март айынан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 6 миң 139 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 95 миң 943 тест жасалып, 1 миң 433 кишиде вирус аныкталды.

Ооруканадан айыгып чыккан 743 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 237 миң 908ге жогорулады.



Тектеш кабарлар