Германиянын тышкы иштер министри эртең Түркияга келет

Чавушоглу менен Маастын Анкарада жолугушары билдирилди.

1478092
Германиянын тышкы иштер министри эртең Түркияга келет

Германиянын тышкы иштер министри Хейко Маас, эртең (25/8/2020) Түркияга иш сапары менен келет.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен Германиянын тышкы иштер министри Маастын эртең Анкарада жолугушары билдирилди.

Билдирүүдө: «Урматтуу министрибиз менен германиялык кесиптешинин ортосунда борбор шаар Анкарада өтө турган жолугушууда, эки тараптуу мамилелер, Түркия-Европа Биримдиги карым-катнаштары, Чыгыш Жер Ортолук деңизи жана аймактык маселелердин каралып чыгышы күтүлүүдө»,- делди.



Тектеш кабарлар