Эрдоган тарабынан жарыялана турчу "жакшы жаңылык" кызыгуу жаратты

Буга байланыштуу Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун билдирүү жасады.

1476279
Эрдоган тарабынан жарыялана турчу "жакшы жаңылык" кызыгуу жаратты

Президент Режеп Таййип Эрдоган жума күнү жарыялай турганын билдирген "жакшы жаңылык" кызыгуу жаратты.

Буга байланыштуу Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун билдирүү жасады.

Өзүнүн Твиттер баракчасынан билдирүү жасаган Алтун: «Урматтуу президентибиз жума күнү жарыялай тургандыгын билдирген жаңылыкка байланыштуу бир катар божомолдор айтылып жаткандыгын байкадык. Сураныч, мындай кептерге кулак салбаңыздар»,-деди.

Алтун: «Барыбыз биргеликте толкундануу менен президентибиздин эртең сүйлөй турган сөзүн күтөбүз»,- деп айтты.

Президент Эрдоган кечээ Анкарада Башкент уюшкан өнөр жай аймагындагы "Калион күн технологиялары заводунун ачылыш аземинде" сөз сүйлөгөн болчу.

Жума күнү жарыялана турган жаңылыктын негизинде Түркияда жаңы доордун башталаарын айткан Эрдогандын билдирүүлөрү чет элдик маалымат каражаттарында курч пикирлерди жараткан.



Тектеш кабарлар