Чавушоглу Венесуэлага барды

Мевлүт Чавушоглу менен Хорхе Арреаза биргелешкен маалымат жыйын өткөрүштү.

1475316
Чавушоглу Венесуэлага барды

Венесуэлага расмий иш сапары менен барган Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу кесиптеши Хорхе Арреаза менен соода-сатыктан айыл чарбага чейин, билим берүүдөн туризмге чейинки көптөгөн тармакта эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты талкуулагандарын белгилеп: «Биз жакшы иштерди жасадык, бирок андан да жакшысын жасашыбыз керек»,- деди.

Мевлүт Чавушоглу менен Хорхе Арреаза биргелешкен маалымат жыйын өткөрүштү. Анда Чавушоглу: «Ковид-19 пандемиясынан кийин биздин кызматташтыгыбыз абдан маанилүү болду. Өткөн жылы президент Режеп Таййип Эрдогандын тапшырмасы менен эки түрк дарыгери Венесуэлага барды жана венесуэлалык кесиптештери менен биргеликте өлкөнүн саламаттык сактоо тармагына карата жол картасын даярдашты»,-деп айтты.

Чавушоглу Түркия тарабынан камсыздалган оңдоп-түзөө жана медициналык каражаттар жардамынын Венесуэла элине тартууланышына ыраазы экендигин билдирди.

Сапар учурунда венесуэлалык кесиптеши менен абдан жемиштүү жолугушууларды өткөргөндүгүн белгилеген Чавушоглу: «Биз соодадан айыл чарбага чейин, курулуштан медицинага чейин, билим берүүдөн туризмге чейин көптөгөн тармактарда кызматташуубузду кантип тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө болорун талкууладык»,-деди.

Түркиядагы жеке сектордун Венесуэлада инвестиция салууга абдан кызыкдар экенин айткан Чавушоглу, соода жана инвестицияга ыңгайлуу кадамдар менен ушул теманы илгерилетүүнү да талкуулагандарын билдирди.

Чавушоглу Ковид-19 пандемиясына карабастан эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүнүн ушул жылдын алгачкы 6 айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу үч эсеге көбөйгөнүн баса белгиледи.

Эки тараптуу кызматташтыктын жүрүшүнө көңүл бурган Чавушоглу: «Биз буга чейин жакшы иштерди жасадык, бирок андан да жакшысын жасашыбыз керек»,-деди.

Чавушоглу ошондой эле Түрк аба жолдорунун (THY) Каракаска каттамдарын кайрадан баштоону каалагандыгын да айтты.

Президент Эрдогандын Венесуэланын президенти Николас Мадурону Түркияга чакыргандыгын жана бул чакырууну Мадуро менен жолукканда билдире турганын айткан Чавушоглу, кесиптеши Арреазаны да Түркияда тосуп алуудан кубанычта болоорун белгиледи.

Чавушоглу менен Арреаза, эки өлкөнүн ортосундагы маданий кызматташтык, маданий борборлор, архивдер аралык кызматташтык жана түрк трибунасынын түзүлүүсүнө байланыштуу төрт келишимге кол коюшту.

Эки министр ошондой эле Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттиги (TIKA) тарабынан Макуто Ана Тереза ​​де Иисус Понс Эне жана Балдар ооруканасында жүргүзүлгөн оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу видеоконференция аркылуу өткөрүлгөн тапшыруу аземине да катышты.



Тектеш кабарлар