Түркияда бир сутканын ичинде 82 миң 318 тест жасалды
Ооруканадан айыгып чыккан 942 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 232 миң 913кө жогорулады.
1475195
Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.
Акыркы 24 саатта вирустан 20 киши көз жумду. Пандемия башталган март айынан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 6 миң 16 деп катталды.
Бир сутканын ичинде 82 миң 318 тест жасалып, 1 миң 263 кишиде вирус аныкталды.
Ооруканадан айыгып чыккан 942 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 232 миң 913кө жогорулады.