Молдовадан Түркияга ыраазычылык билдирилди

Молдованын президенти Игорь Додон, коронавирустун жаңы түрүнө каршы күрөшкө көрсөткөн колдоосунан улам президент Режеп Таййип Эрдоганга ыраазычылык билдирди.

1474709
Молдовадан Түркияга ыраазычылык билдирилди

Молдованын президенти Игорь Додон, коронавирустун жаңы түрүнө каршы күрөшкө көрсөткөн колдоосунан улам Түркияга жана президенти Режеп Таййип Эрдоганга ыраазычылык билдирди.

Додон Фейсбуктагы билдирүүсүндө, Дүйнөлүк банктын колдоосу менен Түркиядан 50 даана дем алдыруучу аппарат алгандарын маалымдап: «Буга уруксат берген президент Эрдоганга ырахмат айтамын»,-деди.

Алдын-ала төлөмүн бергендерин, калганын кийинчерээк төлөп беришээрин айткан Додон, Ковид-19 пандемиясына каршы күрөшкө колдоосунан улам Түркияга ыраазы экендигин билдирди.

Игорь Додон тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун келерки жумада Молдовага бара тургандыгын да маалымдады.

Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттиги (ТИКА) пандемияга каршы күрөшүү максатында Молдовага медициналык каражаттарды берген болчу.



Тектеш кабарлар