Акар менен Гүлер Ливияда

Министр Акар менен генерал Гүлердин сапарына байланыштуу Митига аэропортунда аскердик азем өткөрүлдү.

1474420
Акар менен Гүлер Ливияда

Улуттук Коргоо министри Хулуси Акар аны коштогон Башкы штабдын төрагасы армия генералы Яшар Гүлер менен Коопсуздук жана аскердик кызматташтык боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумунун алкагында жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттерди иликтөө үчүн Ливиянын борбор шаары Триполиге барды.

Министр Акар менен генерал Гүлердин сапарына байланыштуу Митига аэропортунда аскердик азем өткөрүлдү.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) тарабынан таанылган Ливиянын Улуттук Ынтымак өкмөтүнүн коргоо министринин орун басары Селахаддин эн-Немруш, Башкы штабдын башчысы генерал-лейтенант Мухаммед-Шариф менен Түркиянын Триполидеги элчиси Серхат Аксен жана берки түрк жана ливиялык жетекчилер тарабынан тосулуп алынган Акар аземде аскерлер менен саламдашты.

Аземден кийин министр Акар менен Башкы штабдын башчысы Гүлер, келишимдин алкагында түзүлгөн Коргоо коопсуздугу боюнча кызматташтык жана окутууга жардам берүү консультациялары командачылыгына барышты.

Хулуси Акар бул жерде жасаган билдирүүсүндө: «Биз Ливия ливиялыктарга таандык деп айтып, Бириккен Улуттар Уюму тааныган мыйзамдуу өкмөттүн жактоочуларыбыз. Ливиялык бир туугандарыбыздын укуктарын колдоп, каалаган натыйжаларга жетебиз деп ишенебиз»,- деди.



Тектеш кабарлар