Улуттук коргоо министри Хулуси Акарды Илхам Алиев кабыл алды

Кабыл алууга Азербайжандын коргоо министри, армиянын генералы Закир Хасанов да катышты.

1472934
Улуттук коргоо министри Хулуси Акарды Илхам Алиев кабыл алды

Расмий сапар менен Азербайжанга барган Улуттук коргоо министри Хулуси Акар жана коштоосундагы Түрк куралдуу күчтөрүнүн командирлиги Азербайжандын президенти Илхам Алиев тарабынан кабыл алынды.

Акар коштоосундагы башкы штабдын төрагасы, армиянын генералы Яшар Гүлер, кургак жер күчтөрүнүн командири, армиянын генералы Үмит Дүндар, деңиз күчтөрүнүн командири, армиянын адмиралы Аднан Өзбал жана аба күчтөрүнүн командири, армиянын генерлы Хасан Күчүкакйүз менен иликтеген Түркия  - Азербайжан биргелешкен батальондук машыгуусунун тандамал байкоочу күнү иш чараларынан кийин Азербайжан президенттигине барды.

Министр Акар жана командирлери бул жерде президент Алиев менен жолугушту. Кабыл алууга Азербайжандын коргоо министри, армиянын генералы Закир Хасанов да катышты.



Тектеш кабарлар