Түрк куралдуу күчтөрү Оруч Реис кемесин коштоону жана коргоону улантат

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта Реис сейсмологиялык  изилдөө кемеси менен аны коштогон жана коргогон түрк деңиз күчтөрү элементтеринин көрүнүштөрү да орун алды.

1472582
Түрк куралдуу күчтөрү Оруч Реис кемесин коштоону жана коргоону улантат

Улуттук коргоо министрлиги тарабынан Чыгыш Жер Ортолук деңизде ишин баштаган Оруч Реис сейсмологиялык изилдөө кемесин Түрк деңиз күчтөрү коштоо  жана коргоо милдетин алгачкы күнкү чечкиндүүлүк жана ошол эле кемелер менен улантып жаткандыгы билдирилди.

Министрликтин твиттерден берилген маалыматында бул сөздөргө орун берилди : «Деңиздеги чектөө аянттарыбыздагы укук жана кызыкчылыктарыбыздын чечкиндүү коргоочулары түрк деңиз күчтөрү МТА Орус Реис изилдөө кемебизди коштоп жана коргоо милдетин алгачкы күнкү чечкиндүүлүк менен жана ошол эле кемелер менен улантат».

Маалыматта Чыгыш Жер Ортолук деңизде ишин баштаган МТА Оруч Реис сейсмологиялык  изилдөө кемеси менен аны коштогон жана коргогон түрк деңиз күчтөрү элементтеринин көрүнүштөрү да орун алды.

 



Тектеш кабарлар