Чавушоглу бир нече өлкөгө кат жөнөттү

Чавушоглу, Европа Биримдигине мүчө мамлекеттерди Түркияга карата жасалган адилетсиз мамилеге каршы турууга чакырды.

1472632
Чавушоглу бир нече өлкөгө кат жөнөттү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы иштер министрлерине жана ЕБнин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жосеп Борреллге Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги учурдагы абалды жана Түркиянын позициясын түшүндүргөн каттарды жөнөттү.

Мевлүт Чавушоглу, Грециянын талабы боюнча бүгүн кезексиз чогула турган Европа Биримдигинин Тышкы байланыштар кеңешинин жыйынынын алдында жөнөткөн катында, Түркиянын жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын бардык диалог жана кызматташтык чакырыктарына карабастан, Греция менен Түштүк  Кипрдин Рум жетекчилигинин ушул убакка чейин таштаган бир тараптуу кадамдары менен Түркияны четтетүү максатында түзгөн биримдик жана аракеттерине басым жасалды.

Грециянын Түркия менен сүйлөшүүлөрдү улантып жатканда Египет менен (6-августта) кол койгон, Түркиянын жана Ливиянын континенталдык шельфин бузган деңиз карамагына кирген аянттарды чектөө келишиминин, Грециянын Түркия менен ачык-чынчыл жана диалог-кызматташууну баштатууну каалабагандыгын дагы бир жолу көрсөткөндүгү баса белгиленген катта Мевлүт Чавушоглу, Түркия-Европа Биримдиги карым - катнаштарынын Греция менен Кипрдик румдардын каприздеринен дагы көп зыян тартпашы керектигин белгиледи.

Чавушоглу, Европа Биримдигине мүчө мамлекеттерди, бүгүнкү күнгө чейин бир нече жолу ишенимин көрсөткөн Түркияга карата жасалган адилетсиз мамилеге каршы турууга чакырды.

Министр Чавушоглу Болгария, Эстония, Финляндия, Италия, Литва, Венгрия жана Румыния да арасында болгон Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери жана Европа Бирлигинин Жогорку өкүлү Боррелль менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Ушундай каттардын Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы катчысы Антонио Гутерришке, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнүн тышкы иштер министрлерине жана НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергке да жөнөтүлүп жаткандыгы билдирилди.



Тектеш кабарлар