Эрдогандын Чыгыш Жер Ортолук деңиз боюнча эскертүүсү

Эрдоган бүгүн кечинде Германиянын канцлери Ангела Меркель жана Европа Кеңешинин төрагасы Чарльз Мишель менен сүйлөшө тургандыгын да билдирди.

1472273
Эрдогандын Чыгыш Жер Ортолук деңиз боюнча эскертүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Чыгыш Жер Ортолук деңизде эч кимдин өзүн чоң күзгүдөн каранбашы жана шоу артынан түшпөшү керектигин айтты.

Президент, Адилет жана Өнүгүү партиясынын (АК партия) жетекчиси Эрдоган партиясынын башкы борборунда облус башчыларынын кеңейтилген жыйынында сөз сүйлөдү.

Бүгүн кечинде Германиянын канцлери Ангела Меркель жана Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель менен сүйлөшө тургандыгын билдирген Эрдоган: «Биздин көйгөй - кээ бирлери сыяктуу камералардын алдында фотосүрөткө түшүү же шоу көрсөтүү эмес. Биз эзелки жана түбөлүктүү бир туугандыктын талабы боюнча Ливанга бардык. Өлкөбүздүн Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги укуктарын жана кызыкчылыктарын кепилдөөгө карата кадамдары, ички жана тышкы саясатта кудум лакмус кагазына айланды»,-деди.

Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги чыңалууга байланыштуу болсо: «Эч ким өзүн чоң күзгүдөн каранбашы керек. Мен ачык эле айтам, шоу артынан да түшпөшү керек» деген президент Эрдоган: «Жер Ортолук деңиздеги чыңалууну Түркия эмес, Түркияны жана Түндүк Кипр Түрк Республикасын этибарга албаган рум-грек менталитети курчутуп жатат. Биз эч кимдин укугуна көз артпайбыз, бирок эч бир өлкөгө да укугубузду тебелетпейбиз»,-деп айты.

Эрдоган: «Менин бир туугандарыма кол салгандар муну билип коюшсун; буга эл аралык мыйзамдар жана башка ыкмалар менен да түшүндүрмө беришет. Грециянын Эгей жана Жер Ортолук деңизине болгон мамилеси зыяндуу болуп саналат. Түрк жээктерине 2 чакырым, Грецияга болсо 580 чакырым алыстыктагы Меис аралы аркылуу деңиз ыйгарым аянтын талап кылуу акылга сыйбаган нерсе. Мен Европа Биримдигин да эскертип жатам. ЕБ катары мүчөңүз болгон бир мамлекет, ЕБнин мыйзамына ылайык азчылыктардын укуктарын коргоо боюнча милдеттенмесин аткарып жатабы? Европа Биримдиги Грециянын администрациясынан бул үчүн жооп берүүсүн талап кылышы керек. 10 миң чарчы километрдик аянттын 40 миң чарчы километрдик деңиз аянтына ээ экендиги жөнүндөгү айтымдар, эл аралык укук жагынан күлкүлүү жана негизсиз. Грецияны дагы бир жолу Түркиянын укук жана мыйзамдарын урматтоого чакырамын»,-деп кошумчалады.



Тектеш кабарлар