Аманосларда "Йылдырым - 5" операциясы башталды

Коопсуздук күчтөрү тарабынан Хатайдын Аманослар аймагында ПКК жикчил террордук уюмуна карата «Чагылган  - 5» операциясы баштатылды.

1471592
Аманосларда "Йылдырым  - 5" операциясы башталды

 Коопсуздук күчтөрү тарабынан Хатай облусунун  Аманослар аймагында ПКК жикчил террордук уюмуна карата «Чагылган  - 5» операциясы баштатылды.

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу Анкарада апаат, криминалдарды изилдөө боюнча машыктыруу курсунун ачылуу программасына катышты.  

Министр Сойлу бул жерде сүйлөгөн сөзүндө : «1448 кызматкерибиз менен Аманосларда бүгүн эртеден тарта «Йылдырым  - 5» операциясы башталды»,- деди. Министр Сойлунун билдирүүсүнөн кийин ички иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта операцияда Адана жандармерия аймактык командирлигинин башкаруусунда Жандармерия десанттык, жандармерия атайын кыймылы, Полиция  атайын кыймылы жана Коопсуздукту коргоо бригадаларынан турган 1448 кызматкердин кызмат кылгандыгы баса белгиленди.

Өлкө ичинде террордун толугу менен жок кылынышына карата жүргүзүлгөн «Йылдырым» 1 – 2- 3 – 4 операцияларынын негизинде ушул күнгө чейин 15 террористтин жок кылынганы билдирилди.

Ошол эле операцияларда 30 үңкүр, баш калкалоочу жер жана кампанын жардырылганы, көп сандаган курал, ок  - дары, тамак  - аш менен турмуштук каражаттардын колго түшүрүлгөнү билдирилди.

Маалыматта : «Йылдырым операциялары элибиздин колдоосу жана чечкиндүүлүгү менен ийгиликтүү улантылууда»,- деп билдирилди.



Тектеш кабарлар