Түркиянын «Севр» жообу

Тышкы иштер министрлиги, Армян бийликтери тарабынан, «Севр» келишиминин 100 жылдыгына шылтоо менен айтылган сөздөргө жооп катары жазуу жүзүндө билдирүү жарыялады.

1470567
Түркиянын «Севр» жообу

Түркия, Армения бийликтерин “агрессивдүү улутчул саясаттан баш тартуу” чакырыгын жасады.

Тышкы иштер министрлиги, Армян бийликтери тарабынан, «Севр» келишиминин 100 жылдыгына шылтоо менен айтылган сөздөргө жооп катары жазуу жүзүндө билдирүү жарыялады.

Билдирүүсүндө, «Биринчи Дүйнөлүк Согуштун аягында биздин Мекенибизди кыйратуу менен эгемендүүлүгүбүздү жана суверенитетибизди жок кылууну көздөгөн 1920-жылдын 10-августундагы «Севр» келишими - бул басып кирүү жана кыйратуу пландары абдан ачык ортого салынган сабак алчу документ», делди.

Түрк улутунун баатырдык менен жүргүзгөн Боштондук согушунан кийин 1923-жылы 24-июлда кол койгон «Лозанна Тынчтык» келишими менен Севрди жыртып «тарыхтын таштандысына ыргытканы» жазылган билдирүүдө, «Кылымдар өтсө да, тарыхтан сабак эмес, кастыкты алып келгендер бул документтен жардам күтүшкөнү таң калыштуу эмес», деген сөздөргө орун берилди.

Билдирүүдө төмөнкүлөр камтылган: «Бүгүнкү өз элин азыктандыруудан кем калган алсыз өкмөт 100 жылдан кийин түрк улуту баш тарткан Севрди күн тартипке алып чыгуусу акылсыздык болуп саналат. Мындай жаман амбицияларга алдыргандардын Түркиянын мекендин жана улуттун бөлүнбөс биримдигин жана коопсуздугун улантууга болгон чечкиндүүлүгү болгондуктан кыялдануулары курсактарында  кала берерин жакшы билиши керек. Азербайжан аймагын бир нече жылдан бери мыйзамсыз оккупациялап келе жаткан Армения, аймактык тынчтыкты жана стабилдүүлүктү орнотууга тоскоолдук кылып жатат.  Армения бийлиги агрессивдүү улутчул саясатты таштап, эсин жыйуунун убагы келди».



Тектеш кабарлар