Түркия, Жер Ортолук деңизинде өзүнө каршы түзүлгөн кара мүртөз альянсты жер менен жексен кылат

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой, Грециянын Тышкы иштер министрлигинин түрк сейсмикалык изилдөөчү «Оруч Рейс» кемесинин ишмердүүлүгүнө байланыштуу билдирүүсүнө жооп берди.

1470555
Түркия, Жер Ортолук деңизинде өзүнө каршы түзүлгөн кара мүртөз альянсты жер менен жексен кылат

Түркия, Жер Ортолук деңизинде өзүнө каршы түзүлгөн кара мүртөз альянсты жер менен жексен кыла турган күчкө жана жөндөмгө ээ экендигин билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой, Грециянын Тышкы иштер министрлигинин түрк сейсмикалык изилдөөчү «Оруч Рейс» кемесинин ишмердүүлүгүнө байланыштуу билдирүүсүнө жооп берди.

Аксой, «Оруч Реис» кемесинин Түркиянын Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) билдирген континенталдык шельф жана 2012-жылы Түркияда мунай зат акционердик өнөктөштүгүнө (TPAO) өкмөт тарабынан берилген лицензиялык аянттын чегинде сейсмикалык изилдөө иш-чараларын июль айында президент Режеп Таййип Эрдогандын  көрсөтмөлөрү менен бир азга токтотулгандыгын эскертти.

Басма сөз катчысы Аксой: «Германия менен Европа Биримдигинин (ЕБ) өтүнүчү боюнча дипломатияга мүмкүнчүлүк берүү жана диалог каналдарын жандандыруу үчүн жасаган бул жакшы ниет иш-аракети эч кандай жооп алган жок»,- деп жооп берди.

Грециянын  Египет менен өткөн жумада кол койгон деңизге чек коюу келишимине каршылык көрсөткөн Аксой: «Греция чын ыкластуу жана чынчыл эмес экендигин Египет менен 2020-жылдын 6-августунда түзгөн каракчылык келишими менен көрсөттү»,-деп эскертти.

Aксой, бул келишим менен Түркия жана Ливиянын Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги континенттик шельфтин бузулгандыгын жана кечээ башталган «Оруч Рейс» кемесинин мурдатан пландалган сейсмикалык изилдөө иштерин жүргүзүп жаткандыгын айтты.

Грециянын каршы чыгууларынын эч кандай укуктук негизи жок экендигин белгилеген Аксой, Жер Ортолук деңиздеги чыңалууну күчөткөн тараптын «Түркия эмес, Греция» болгонун баса белгилеп, төмөндөгүдөй баа берди: «Кылымдар бою түрк эгемендигинде болгон Жер Ортолук деңизден биздин өлкөнү чыгарып салууга аракет кылуу, эч кимдин батына турган иши эмес. «Жер Ортолук деңиздин жалгыз ээси менмин» деген ишеним менен кыймыл кылгандардын ойлогондору ойрон болот. Түркия өзүнө каршы түзүлгөн кара мүртөз альянсты жер менен жексен кыла турган күч жана чечкиндүүлүк менен мүмкүнчүлүк жана жөндөмгө ээ».



Тектеш кабарлар