Түркия Сомалидеги террордук кол салууну айыптады

Могадишодогу 12-Апрель армия бригадасынын базасына бомба жүктөлгөн автоунаа менен  жанкечтинин кол салуусун Түркиянын Тышкы иштер министрлиги катуу айыптады.

1469535
Түркия Сомалидеги террордук кол салууну айыптады

Түркия Сомалинин борбору Могадишодо болгон террордук кол салууларды айыптады.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Могадишодогу 12-Апрель армия бригадасынын базасына бомба жүктөлгөн автоунаа менен  жанкечтинин кол салуусу жана артынан миномет менен аткылоосунан улам 8 кишинин өмүрү кыйылып, жаракат алгандардын бар экенин абдан капа болуу менен уккандары билдирилди.

Билдирүүсүндө, «Биз бул террордук кол салууну айыптайбыз. Бир тууган Сомали элине жана өкмөтүнө көңүл айтабыз, өмүрүнөн айрылгандарга Кудайдан мээрим жана жарадар болгондордун тезирээк сакайып кетишин тилейбиз», делди.

Сомалидеги аскердик базасынын алдында болгон жарылуудан 8 аскер курман болуп, 14 адам жаракат алды.

Сомалинин полиция кызматкерлеринин бири Мухаммед Хүсейин борбор шаар Могадишодогу Варта-Набадда аянтында жаңы ачылган стадиондун жанындагы аскер базасынын дарбазасында бомба жүктөлгөн унаа жардырылганын билдирген.



Тектеш кабарлар