Түркия менен Мальтанын Ливия жөнүндөгү билдирүүсү

Ливия, Мальта жана Түркиянын тышкы иштер министрлери кечээ Триполиге чогулушту.

1468549
Түркия менен Мальтанын Ливия жөнүндөгү билдирүүсү

Түркия менен Мальта, эл аралык деңгээлде таанылган Ливиянын Улуттук Ынтымак өкмөтүнө колдоо көрсөтүүнү улантып жатышкандарын, Ливия кризисин аскердик жол менен чечүү мүмкүн эмес экендигин жана Ливиянын туруктуулугу менен коопсуздугу маанилүү экендигин билдиришти.

Тышкы иштер министрлиги тарабынан Түркия-Мальта-Ливия биргелешкен билдирүүсү жарыяланды.

Ливия, Мальта жана Түркиянын тышкы иштер министрлери, Ливиядагы акыркы кырдаалды жана үч өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты сүйлөшүү үчүн кечээ Триполиде жолугушуу өткөргөндөрү белгиленген билдирүүдө: «Түркия менен Мальта, эл аралык деңгээлде таанылган Ливиянын Улуттук Ынтымак өкмөтүнө колдоо көрсөтүүнү улантып жатышкандарын, Ливия кризисин аскердик жол менен чечүү мүмкүн эмес экендигин жана Ливиянын туруктуулугу менен коопсуздугу маанилүү экендигин баса белгилешти»,- делди.

Билдирүүдө үч өлкөнүн делегациялары «Ирини» операциясы жана операциянын кемчиликтери жөнүндөгү эскертүүлөрүн айтышып, төмөнкү маселелер боюнча макулдашууга жетишилгендиги маалымдалды:

«Биргелешкен кызматташтыктын, мальталык жана түрк ишканаларынын Ливияга кайтууларын жана ошондой эле Ливия менен Мальта жана Түркиянын ортосундагы аба каттамдардын кайрадан башталуусун кубаттоо, мыйзамсыз көчтүн Европа Биримдиги үчүн гана эмес, Ливия үчүн да коркунуч келтиргендиги, Ливиянын түштүк чек арасын бекемдөө жана адам аткезчилиги менен мигранттардын аткезчилигине каршы күрөшүү үчүн зарылдыгы бар экени айтылды. Мальта менен Түркия, Ливиянын жээк коопсуздук күчтөрүнүн санын көбөйтүү үчүн керектүү техникаларды жана жабдууларды берүү менен Улуттук Ынтымак өкмөтүнө бул жагынан колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдиришти».



Тектеш кабарлар