Президент Эрдоган Ливан, Египет - Греция жана бургулоо иштери тууралуу билдирди

Президент Эрдоган Аясофия мечитинде жума намазынан чыгып баратып күн тартиби тууралуу маалымат берди.

1468967
Президент Эрдоган Ливан,  Египет  - Греция жана бургулоо иштери тууралуу билдирди

Президент Р. Т. Эрдоган 4 -  августта Бейрут портунда болгон, 154 кишинин каза болушуна жана 5 000ден ашуун кишинин жаралануусуна себеп болгон жарылуу менен термелген бир тууган Ливанды жалгыз калтырбай тургандарын айтты.

Президент Эрдоган Аясофия мечитинде жума намазынан чыгып баратып күн тартиби тууралуу маалымат берди.

Бейруттагы жарылууга байланыштуу жарылууну аткарган кишилердин тактала электигин, абалдарды иликтеп жатышкандарын белгилеген Эрдоган : «Аскердик учагыбыз менен ал жерге түрдүү жардамдарды жибердик. Булардын ичинде аскердик бир топ жардамдар бар. Булар менен бирге медициналык жардамдар бар. Көчүп жүрүүчү оорукана сыяктуу жардамдарыбыз да бар. Баардык нерсебиз менен Ливандын жанында болобуз. Бейруттун жанында, Ливан калкынын жанында болобуз»,- деди.

Греция  - Египеттин ортосунда  түзүлгөн чектерди белилөө келишимине токолгон Эрдоган : «Греция менен Египеттин ортосунда түзүлгөн бул келишимдин эч бир баасы жок»,- деди.

Ливия менен түзгөн келишимди чечкиндүүлүк менен жүрүгүзүп жатышкандарын жана жүргүзүүнү улантышарын айткан Эрдоган : «Биз бул жерде өзгөчө деңиз чектерин белгилөө боюнча эч бир укугу болгондор менен сүйлөшпөйбүз.  Германиянын канцлери Ангела Меркель менден суранды : «Бул жердеги бургулоо иштерин  токтото турсаңыз менин ишимди жеңилдеткен болсуз»,- деди. Мен да  эгерде сиз Грецияга, башкаларына ишенсеңиз биз 3 – 4 жума токтото алабыз. Бирок мен буларга ишенбейм. Көрөсүз булар убадасында турбайт»,- дедим. Айыкаттан да ошондой болду. Ошол  эле учурда биз, Грециядан алардын өз тышкы иштер министри, кеңешчилери үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү башташты. Германия -  Греция – Түркия ортосунда. Бул убадада турмайынча эми эмне болот? Биз бургулоо иштерин дароо баштадык «Барбарос Хайреттинди» да милдетин аткаруу үчүн жибердик. Убадаларында турушпай жатышат»,- деди.

 



Тектеш кабарлар