Октай менен Чавушоглу эртең Ливанга барышат

Ливандын борбор шаары Бейрутта чоң жарылуу болгон.

1469067
Октай менен Чавушоглу эртең Ливанга барышат

Вице-президент Фуат Октай эртең Ливанга барат.

Ливандын президенти Мишель Аун, парламент спикери Небих Берри жана премьер-министр Хасан Дияб менен жолугуша турган Октайды тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу да коштоп жүрөт.

Бейрут портунда 4-августта жарылуучу заттар сакталган №12 кампада өрт чыгып, андан кийин шаарды титиреткен катуу жарылуу болгон.

Жарылуунун натыйжасында кеминде 135 адам каза болуп, 5 миңге жакын адам жаракат алган болчу.



Тектеш кабарлар