Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу ливандык кесиптеши менен сүйлөштү
Сүйлөшүүдө Ливандын борбору бейрутта болгон жарылуу каралды.
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Ливандын тышкы иштер министри Шербел Вехбе менен сүйлөштү.
Мевлүт Чавушоглу Шербел Вехбе менен кечээ Ливандын борбор шаары Бейрутта болгон жарылуу тууралуу сүйлөшүү өткөрдү.
Ливандын борбор шаары Бейрутта кечээ кечки сааттарда чоң жарылуу болду. Ливан Кызыл Крести жарылууда 100 кишинин каза болгонун, 4 000 кишинин жараланганын жарыялаган.
Чавушоглу Италиянын тышкы иштер министри Луиджи Ди Майо менен да телефон аркылуу сүйлөштү.
Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда Чавушоглунун италиян кесиптеши Ди Майо менен өткөргөн сүйлөшүүсүндө Ливия, Чыгыш Жер Ортолук деңиз жана Европа Биримдиги темалары каралды.
Тектеш кабарлар
Акыркы бир жумада 54 террорист жок кылынды
Президент Режеп Таййип Эрдогандын Иракка сапары да террор менен күрөшүүдө кызматташтыкты ылдамдатты.