Түркия : "Жамму Кашмирдин атайын статусунун жоюлушу абалды татаалдаштырды"

Тышкы иштер министрлигинин катчысы Хами Аксой Индия конституциясынын Кашмирге атайын статусту берген берененин күчүн жоготуусунун биринчи жылы тууралуу берилген суроого жазуу түрүндө жооп берди.

1467484
Түркия : "Жамму Кашмирдин атайын статусунун жоюлушу абалды татаалдаштырды"

Түркия  Индия конституциясынын Жамму Кашмирге атайын сатусту берген беренесинин күчүн жоготушу менен   Жамму Кашмирдеги кырдаалдын татаалдашканын жарыялады.

Тышкы иштер министрлигинин катчысы Хами Аксой Индия конституциясынын Кашмирге атайын статусту берген берененин күчүн жоготуусунун биринчи жылы тууралуу берилген суроого жазуу түрүндө жооп берди.

Аксой буларды билдирди : «Индия конституциясынын Жамму Кашмирге атайын статусту берген берененин күчүн жоготушунан кийинки бир жылда турмушка ашырылгандардын Жамму Кашмирдеги абалды дагы да  татаалдаштырып, аймакта тынчтык жана ырааттуулукка салым кошпогону көрүнүүдө. Түркия бул маселенин диалог жолу менен, БУУнун шарттарынын негизинде жана БУУнун тийиштүү чечимдеринин негизинде чечилиши  тууралуу көз карашта».

2019 -  жылы 5 -  августта Индия кабыл алган конституциялык өзгөртүү менен Жамму Кашмирдин атайын сатусун жоюп, провинция башкаруусун таратып аймакты борборго караштуу эки башка Биримдик аймактарына бөлгөн.

Чечимден кийин Индия коопсуздук күчтөрү Жамму Кашмирде тартип операцияларын жана элге карата кысымдарды күчөтүп, коменданттык саат менен  интернет, телефон жана транспорт чектөөлөрүн киргизген. Аймактагы жергиликтүү башкаруучулар менен мүчөлөр камтоого алынган.



Тектеш кабарлар