Түркия Ливанга көңүл айтты

Эрдоган, Ливандын президенти Мишель Наим Аун менен телефон аркылуу сүйлөштү.

1467140
Түркия Ливанга көңүл айтты

Президент Режеп Таййип Эрдоган, ондогон адамдардын өмүрүн алган жарылууга дуушар болгон Ливандын президенти Мишель Наим Аун менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Эрдоган сүйлөшүүдө Ливандын борбор шаары Бейрутта жарылуучу заттар орун алган кампада болгон жарылуудан каза тапкандардын жаткан жерлери жайлуу болушун, жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин тиледи.

Эрдоган Мишель Аунга айрыкча медициналык жана гуманитардык жактан жардам берүүгө даяр экендиктерин айтты.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (Парламент) төрагасы Мустафа Шентоп Бейруттагы жарылууга байланыштуу Ливан элине көңүл айтты.

Шентоп өзүнүн Твиттер баракчасындагы билдирүүсүндө: «Бейруттагы жарылуунун себеби такталбаса дагы тилекке каршы, көп сандаган каза тапкандар жана жаракат алгандар бар. Жаракат алган 2 жараныбыздын да тезирээк сакайып кетишин каалайм. Түркия, башка көптөгөн мамлекеттерде болгону сыяктуу эле Ливан элине да кол сунат»,- деди.

Ал эми вице-президент Фуат Октай жарылуу тууралуу билдирүүсүндө: «Биз Ливан элинин азап-кайгысын тең бөлүшөбүз. Түркия катары ар дайым жардам берүүгө даярбыз»,-деди.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу болсо Бейруттагы жарылуу тууралуу Твиттер баракчасынан түрк, араб жана англис тилдеринде бөлүшкөн билдирүүсүндө: «Бейрут портундагы жарылууда каза болгондорго Аллахтан ырайым тилеп, дос жана бир тууган Ливан элине көңүл айтамын. Биздин эң чоң тилегибиз - каза болгондордун саны көбөйбөсүн. Ливандык бир туугандарыбызга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даярбыз».



Тектеш кабарлар