Россияда Ковид - 19 менен ооруган түрк жараны бейтап Түркияга алып келинди

60 жаштагы фура айдоочусу Кемал Йылмаз саламаттык сактоо министрлигине таандык тез жардам учагы менен Трабзонго алып келинди

1467474
Россияда Ковид  - 19 менен ооруган түрк жараны бейтап Түркияга алып келинди

 Россияда коронавирус тести позитив чыккан  жана бир канча убакыт дарыланган 60 жаштагы фура айдоочусу Кемал Йылмаз саламаттык сактоо министрлигине таандык тез жардам учагы менен Трабзонго алып келинди жана азыркы учурда дарыланууда.

Трабзондон Россияга барган жана 26 -  июлда ооруп калып Россиянын Волгоград шаарындагы ооруканада Ковид  - 19 диагнозу коюлуп дарыланган 60 жаштагы фура айдоочусу Кемал Йылмаздын үй  - бүлөсү Трабзондо  дарылануусун талап кылышты. Ушул талап боюнча Йылмаз тышкы иштер министринин орун басары Явуз Селим Кырандын демилгеси менен саламаттык сактоо министрлигине таандык тез жардам учагы менен Түркияга алып келинди.

Трабзон аэропортуна конгон учактан саламаттык сактоо топтору тарабынан алынган Йылмаз тез жардам менен Трабзон Кануни билим берүү жана изилдөө ооруканасына алып келинип дарыланууда.



Тектеш кабарлар