«Le Figaro» гезити "Фатих Эрдоган" аттуу макала жарыялады

Макалада, Эрдоган (Осмон императору) Фатих Султан Мехметке окшоштурулду.

1467183
«Le Figaro» гезити  "Фатих Эрдоган" аттуу макала жарыялады

Франциялык «Le Figaro» гезити «Президент Режеп Таййип Эрдогандын айтымына караганда, Ливия өкмөтү менен түзүлгөн кызматташтык Биринчи Дүйнөлүк согуштан кийин Осмон империясын кыйраткан Севр келишимин бузат» деп жазып чыкты.

"Фатих Эрдоган" аттуу макалада, Эрдоган (Осмон императору) Фатих Султан Мехметке окшоштурулуп, Эрдогандын Фатих Султан Мехметтин убагында болгондой эле эски империялык күчүн жогорулатууну жана сыймыктанууну Түркияга кайтарып берүүнү каалаганы белгиленди.

Эрдогандын Ливиянын премьер-министри Файиз эс-Серраж менен Жер Ортолук деңизде картаны кайрадан сызгандыгына көңүл бурулган кабарда, Серраждын батыштык шериктештери аны жалгыз калтыргандан кийин Түркия менен макулдашуу түзүүгө аргасыз болгону айтылды.

Макалада «Режеп Таййип Эрдогандын айтымында, (Ливия өкмөтү менен) түзүлгөн жаңы аскердик жана энергетикалык кызматташтык Биринчи Дүйнөлүк согуштан кийин Осмон империясын талкалаган Севр келишимин (1920-жылкы) бузат» деп жазылды.

Жер Ортолук деңизде чек аралар маселесинин Түркия менен Грециянын карым-катнаштарынын ондогон жылдар бою чыңалышына себеп болгондугу эске салынган кабарда, президент Эрдогандын, Түштүк Кипрдин Рум жээктеринде жана Мейс аралында бургулоо иштерин  жүргүзүүгө буйрук бергени айтылды.

Макалада «Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги байлык үчүн күрөш жаңы эле башталып жатат» деген көз карашы жазылды.



Тектеш кабарлар