Түркия Абу-Даби бийлигине каршылык көрсөттү

Улуттук Коргоо Министрлиги (УКМ) Бахрейндин тышкы иштер министрлиги тарабынан сереп салуулар фактыларды чагылдырбайт деп билдирди.

1466430
Түркия Абу-Даби бийлигине каршылык көрсөттү

Улуттук Коргоо министрлиги (УКМ), Абу-Даби бийлиги Сирия, Ливия, Йемен жана Африка мүйүзү сыяктуу аймактарда дестабилдештирүүчү иш-аракеттерди жүргүзгөнүн билдирди.

Улуттук Коргоо Министрлиги (УКМ) улуттук коргоо министри Хулуси Акардын 2020-жылдын 31-июлунда «Al Jazeera» телеканалында жарыяланган маегинде берилген суроолорго берген жообуна Бахрейндин тышкы иштер министрлиги тарабынан сереп салуулар фактыларды чагылдырбайт деп билдирди.

Билдирүүдө төмөнкүлөр жазылды: «Абу-Даби бийлиги Сирия, Ливия, Йемен жана Африка мүйүзү сыяктуу региондордогу дүйнөлүк эрежелерди жана адеп-ахлактык баалуулуктарды бузуу менен жүргүзүп жаткан дестабилдештирүүчү аракеттерди «конструктивдүү» деп мүнөздөө жана буларга каршы чыгуубузду араб  туугандарыбызга каршы жасалган мамиле сыяктуу көрсөтүүсү ишке жарабайт. Араб эли биздин досторубуз, туугандарыбыз, биз Абу-Даби бийлигин жана бул бийликти колдогон өкмөттөрдү акыл эстүүлүккө чакырабыз. Биз Бахрейндин башкаруучуларына колдоп жатышкан мамлекет жана элдердин жакынкы тарыхта ушул чөлкөмдө кылгандары жөнүндө эскертип коюудан уялабыз. Аймактык тынчтык, ырааттуулук жана коопсуздук козголоңчулардын эмес, укук жана мыйзамдуулуктун жанында орун алып корголсо болот».

Түркиянын Ливия  менен 500 жылга чейинки тарыхы, маданияты, түшүнүгү жана ишеничтери болгонун эске салган билдирүүдө, Түркиянын  «Ливия ливиялыктардыкы» принциби менен иш-аракет кылганы баса белгиленди.

Билдирүүдө Түркиянын максатынын, Улуттук Ынтымак Өкмөтүнүн  жол башчылыгында бардык ливиялыктарды камтыган,  аймактык бүтүндүгү жана улуттук биримдиги камсыздалган көз карандысыз, эгемендүү жана гүлдөгөн Ливия экендигин баса белгилеп, «Түркия төңкөрүшчүлөрдүн эмес, Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) тарабынан таанылган мыйзамдуу Улуттук ынтымак өкмөтүнүн  чакырыгына ылайык жана эл аралык эрежеге ылайыктуу түрдө кол коюлган эки тараптуу келишимдердин негизинде Ливияга барган. Түркиянын буга чейин берилген аскердик машыгуулары, жардам жана кеңеш берүүчү колдоо көрсөтүүнү чечкиндүү уланта берет»,делди.



Тектеш кабарлар