Түркиядагы акыркы коронавирус көрсөткүчтөрү

Ооруканадан айыгып чыккан 1003 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 217 миң 497ге жогорулады.

1466407
Түркиядагы акыркы коронавирус көрсөткүчтөрү

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш ийгиликтүү уланып жатат.

Узак убакыттан бери жуктурган учурлардын саны миң адамдан аз болууда...

Акыркы 24 саатта вирустан 19 киши көз жумуп, илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 5 миң 747 деп катталды.

Ошол эле убакыттын ичинде 41 миң 301 тест жасалып, 995 кишиде вирус аныкталды.

Ооруканадан айыгып чыккан 1003 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 217 миң 497ге жогорулады.


Этикеткалар: #Covid-19 , #Түркияда

Тектеш кабарлар