Президент Р. Т. Эрдоган менен Хашим Тачи Курман айт майрамы менен бири бирин куттукташты

Сүйлөшүүдө эки тараптуу мамилелердин өнүгүшү жана регионалдык маселелер боюнча кызматташтыктын бекемделиши баса белгиленди.

1466007
Президент Р. Т. Эрдоган менен Хашим Тачи Курман айт майрамы менен бири бирин куттукташты

 

Президент Режеп Таййип Эрдоган Босния  -  Герцеговинанын Президенттик Кеңешинин төрагасы Шефик Каферович жана Косованын Президенти Хашим Тачи менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка  ылайык, лидерлер Курман айт майрамына карата өз ара куттукташып,  эки тараптуу мамилелердин өнүгүшү жана регионалдык маселелер боюнча кызматташтыктын бекемделиши баса белгиленди.

Бир тараптан Президент Эрдоган Курман айт майрамында тыгыз дипломатия да жүргүздү. 

Президент майрамдын биринчи күнүндө Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Катар Эмири Шейх Темим бин Хамед Ал Сани жана Казакстандын куруучу президенти  Эл башы Нурсултан Назарбаев менен бирге 21 сүйлөшүү өткөрдү.

Лидерлердин майрамдык куттуктоолорунда эки тараптуу карым  - катнаштардын өнүктүрүлүшү жана аймактык темаларда кызматташууну күчтүндүрүүгө чечим чыгарылганы баса белгиленди. 

Президент Эрдоган майрамда өзгөчө төмөнкү ысымдар менен майрамдашты :

Оман султаны Хейсем бин Тарык, Түркмөнстандын президенти Гурбангули Бердимухаммедов, Ирандын президенти Хасан Рухани, Алжирдин президенти Абдүлмежид Беббун, Тунистин президенти Кайс Саид, Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков, Ирактын президенти Берхем Салих, Босния - Герцеговина Элдер Ассамблеясынын төрагасынын орун басары Бакир Изетбегович, Казаксатндын президенти Касым Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Имамали Рахман, Пакистандын президенти Ариф Алви, Пакистандын премьер  - министри Имран Хан, Ирактын премьер  - министри Мустафа ел  - Казыми, Тунис парламентинин спикери Рашид ел  - Ганнуши, Индонезиянын презденти Жоко Видодо, Афганстандын президенти Эшреф Гани. 

 

 



Тектеш кабарлар