"Le Monde" гезити Эрдогандын Севр келишиминен өч алганын жазды

Гезит Аясофия мечити ибадатка ачылган күндүн кокустук эмес экендиги, 24 -  июлдун Лозанна келишиминин 97 – жылы экени билдирилди.

1466006
"Le Monde" гезити Эрдогандын Севр келишиминен өч алганын жазды

Француз "Le Monde" гезити Президент Р. Т. Эрдогандын Севр келишиминен өч алганын жазды.

"Le Monde" гезитинин «Кылымдан кийин Эрдогандын Севр келишиминен өч алышы» деген кабарында Президент Р. Т. Эрдоган жана Ливиянын премьер  - министри Файиз  ес – Серраждын Түндүк Африка жана Жер Ортолук деңизде стратегиялык оюнду өзгөртүү үчүн унутулбай турган бир келишимге  кол койо турган көркөмдүү жана тарыхый бир жерге муктаж экендиги белгиленди. Кабарда бул үчүн Долмабахче сарайынын мыкты жер экендиги, бул жерде Эрдоган менен Серраждын 2019 -  жылы ноябрь жана 2020 – жылдын февраль айларынын ортосунда келишим тууралуу төрт жолу жолугушканы билдирилди.

Триполи өкмөтүнүн Ливияга аскердик жана логистикалык жардам бериши үчүн «Анкаранын Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги умтулууларын камсыз кылууга карата» бир деңиз чектөө принцибин кабыл алганы билдирилген кабарда Эрдогандын 2019 -  жылы 16 -  декабрда Серраж менен Долмабахче сарайында өткөргөн экинчи жолугушуудан кийин : «Бул аскердик жана энергия келишиминин саясында Севр келишимин буздук»,- деген билдирүүсүн эске салып Эрдогандын Севр келишиминен реванш алганыдыгын ойлогону белгиленди.

Кабарда Европа Биримдигинин жана АКШнын Сирияда ДЕАШ террордук уюмга каршы күрөшүү үчүн ПКК/ЙПГ террордук уюмга колдоо бергени баса белгиленди.

ФЕТӨнүн 15 -  июлдагы козголоң кыймылынан кийин Түркиянын Сирия чек арасында ПКК террордук уюмга каршы күрөшүп жатканы билдирилген кабарда : «Эрдоган жана ийгиликсиз  козголоң кыймылынан кийинки ашыкча оңчул  өнөктөштөрүнүн көзүндө маселе Севр келишими тузагынан алыс туруу»,- деп билдирилди.

Кабарда Аясофия мечити ибадатка ачылган күндүн кокустук эмес экендиги, 24 -  июлдун Лозанна келишиминин 97 – жылы экени билдирилди.



Тектеш кабарлар