Парламент төрагасы Шентоптун кесиптештери менен майрамдашуусу

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (Парламент) төрагасы Мустафа Шентоп,Тунис, Казакстан,Жибути жана Алжирдин парламент төрагалары менен телефон аркылуу сүйлөштү.

1465794
Парламент төрагасы Шентоптун кесиптештери менен майрамдашуусу

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (Парламент) төрагасы Мустафа Шентоп, Тунис парламентинин спикери Рашид аль-Ганнуши менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Парламент төрагалыгынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда Мустафа Шентоп, Курман Айт майрамынын эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаш жана Ислам дүйнөсү үчүн пайдалуу болушун Алла тааладан тилеп, Ганнушини майрамы менен куттуктады.

Шентоп Тунистеги акыркы саясий окуяларды кылдаттык менен байкап тургандыгын жана Тунистин саясий күчү коңшу Ливияда болуп өткөн окуяларды эске алганда абдан маанилүү экендигин баса белгиледи.

Мустафа Шентоп, Ганнушинин оппозициянын талабы боюнча өткөрүлгөн ишеним добушунан ийгиликтүү чыгып кеткенине ыраазы экендигин билдирди.

Парламенттин Төрагасы, сүйлөшүүсүндө Түркия дос жана боордош Тунис элинин жанында экендигин баса белгиледи.

Тунис Парламентинин төрагасы Рашид аль-Ганнуши да сүйлөшүүлөргө канагаттангандыгын билдирип, "тууган" Түркия менен мамилелеринин  абдан бекем болушуна кам көргөндөрүн билдирди.

Парламенттин спикери Шентоп ошондой эле Казакстан Парламентинин спикери Маулен Асимбаев, Жибути парламентинин спикери Мохамед Али Хумед жана Алжир парламентинин спикери Сүлейман Шенин менен сүйлөшүү өткөрдү.

Курман айт майрамына карата жакшы тилектер жана каалоолор айтылган сүйлөшүүлөрдө өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты арттыруу боюнча пикирлер айтылды.



Тектеш кабарлар