Түркияда жатыны трансплантацияланган аял көз жарды

Эки ай бою аппараттан гана көрө алган ымыркайын майрам күнү кучаганы алып кубанычы эки эселенди.

1465336
Түркияда жатыны трансплантацияланган аял көз жарды

Донордон жатын көчүрүлгөн Дерья Серт, эки ай мурун дүйнөгө алып келген наристесин Курман айт майрамында биринчи жолу кучагына алды.

Дерья Сертке Анталиядагы Акдениз университетинин ооруканасында, 10 жыл мурун 7 саатка созулган операция менен дүйнөдө биринчи жолу жатын трансплантациясы жасалган. Дерья Серт 4-июнда кош бойлуулугунун 28-жумасында салмагы 760 граммды түзгөн, дарыгеринин аты коюлган "Өмер Өзкан" аттуу наристесин жарык дүйнөгө алып келген.

Эки ай бою аппараттан гана көрө алган ымыркайын майрам күнү кучаганы алып кубанычы эки эселенди.



Тектеш кабарлар